Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк кочевниктер оюндарынын маданий программасын сунуштоо аземи өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбетаалиев баш болуп катышты.
Министр Мамбетаалиев маданий программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн анын негизги концепциясын, максаттарын жана пландаштырылган багыттарын катышуучуларга тааныштырып берди. Ал программа кочевниктердин руханий жана материалдык мурастарын, салттуу маданиятын, искусствосун, музыкаларын жана кол өнөрчүлүктөрүн кеңири аудиторияга жеткирүүнү көздөп жатканын белгиледи.
Иш-чарага VI Дүйнөлүк кочевниктер оюндарынын негизги режиссеру Алтынбек Максутов, программаны координаторлору, тарыхчылар, этнографтар, илимпоздор, коомдук жана маданий ишмерлер, ветерандары, журналисттер жана блогерлер катышышты.
Тарыхчылар менен этнографтар программаны терең иликтеп чыгып, анын тарыхый жана этнографиялык тактыгы боюнча өз эксперттик ой-пикирлерин жана сунуштарын беришти. Өзгөчө көңүл тарыхый жана маданий мурастарды туура жана мазмундуу интерпретациялоого бурулду.











