Кыргызстан 2027-жылга чейин ЕАЭБнин өнөр жай кооперациясынын негизинде бал кластерин ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу ЕАЭБ Ишкердик кеңешинин президиумунун мүчөсү жана Кыргыз өнөр жайчылар менен ишкерлер союзунун президенти Данил Ибраев Sputnik Кыргызстандын пресс-борборунда билдирди.

Ибраевдин айтымында, бул долбоорду Евразия экономикалык комиссиясы колдогон. Азыркы учурда кыргыз балдары эл аралык көргөзмөлөрдө жеңиштерди жарып жатса да, өндүрүүчүлөр ири контракттар үчүн бирдей стандарттагы 100 тоннадан ашык продукцияны чогултууда кыйынчылыктарга туш болушууда.

Жаңы долбоордун алкагында балды бирдиктүү стандартка келтирүү жана аны антибиотиктерден тазалоо иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле аарыларга канттын жана сироптордун ордуна балдан жасалган тоюттарды берүү каралган.

Негизги көрсөткүчтөр

4 000 - 6 000тонна балдын өндүрүлүшү
20 - 30пайыз өсүү (өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү)

Тармактын өнүгүшү аарылардын чаңдатуучу касиети аркылуу башка өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн 20-30 пайызга жогорулатууга шарт түзөт. Учурда Кыргызстан жылына болжол менен 4 миңден 6 миң тоннага чейин бал чыгарат.