29-июлда Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагынын Бала-Чычкан жайытында атайын комиссия малдын өлүмү тууралуу тараган кептерди текшерүү үчүн иш жүргүздү.
Комиссия курамында Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Байышбек Астанакулов, райондук айыл чарба башкармалыгынын башчысы Эрмек Казыбеков, Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Талас региондук башкармалыгынын орун басары Замир уулу Сабитахун жана тиешелүү адистер менен жергиликтүү кеңештин депутаттары бар.
Текшерүүнүн жүрүшүндө чабандар комиссиянын мүчөлөрүнө суунун Бала-Чычкан дарыясынан Джеруй алтын казуу жайынын аймагына жетпей турганын айтышты.
Жайлоо Барманлиев деген чабан окуяны төмөнкүчө маалымдады: «Мен 27-июлда тазалоочу ишканадан Нургазы Абдрахманов жана ветеринар келип, дарыянын жээгин тазалоо жана көзөмөл жүргүзүү иштери болорун айтышты. Мен да малымды текшерип, дарылоо максатында аларга жол көрсөтүп, кошо бардым.
Ал жерде бир уй болотоодо батып каза болгонун көрдүк, ал өтүп кеткен күндөрдүн биринде өлгөн экен, үчүмдөр ызы-чуу салган. Тушка алып чыгып кабатыр болгондорго көрсөттүк. Андан соң дагы бир өлүк табылды, аны дагы алып чыгып айыптууларына видеолоп кабар бердик.

