Манас шаарында 12-июлда социалдык тармактарга тараган видеожазма негизинде кылмыш иши козголгон. Видеодо көрсөтүлгөн үч чет элдик жарандын кимдиги аныкталып, алардын Кыргыз Республикасындагы жүрүү мыйзамдуулугу текшерилген.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, чогултулган материалдарга ылайык, Манас шаардык сотунун чечими менен ушул үч чет элдик жаран камакка алынды.
Алгачкы маалыматтарга караганда, кагылышуу чет өлкөлүк жарандар менен жергиликтүү тургундар ортосунда болуп, бул окуя коомчулукта кеңири талкуу жараткан.











