Антимонополия кызматы Кара-Кече кенинен Бишкекке жеткирилген көмүрдүн баасын тоннасына 7 миң сом деп белгиледи. Бул тууралуу 6-ноябрда «Биринчи радионун» эфиринде «Кыргызкөмүр» ААКнын башкы директору Рустамбек Садыралиев билдирди.
Анын айтымында, баа Антимонополия кызматы менен биргеликте казып алуу жана ташуу чыгымдарын эске алуу менен эсептелет. Садыралиев аймактардагы баалар Кара-Кечеден канчалык алыс болгонуна жараша айырмаланарын белгиледи.
- Жайыл районунда — 7,4 миң сом
- Кеминде — 6,6 миң сом
- Балыкчыда — 6 миң сом
- Кочкор районунда — 5,5 миң сом
- Жумгал районунда — 4,6 миң сом
- Таласта — 7,5 миң сомдон
- Токтогулда — 6,5 миң сом
- Тогуз-Тородо — 5,7 миң сом
- Ош облусунда — 6 миңден 7 миң сомго чейин (түштүк кендеринен)
«Кыргызкөмүр» калкка 265 миң тонна жеткирилген көмүрдүн болжол менен 240 миң тоннасын сатты. Учурда кампаларда 25 миң тоннага жакын отун калды.
Ишкана 240тай жеке ишкер менен кызматташат. Алар «Кыргызкөмүр» менен келишим түзүп, көмүрдү чекене сатуучулар катары иштешет. Келишимдин шарты боюнча, ишкерлер көмүрдү социалдык жактан белгиленген баада сатууга милдеттүү.
















