«Кыргызкөмүр» ачык акционердик коому 2026-жылдын башынан бери өлкөнүн сегиз кенинде болжол менен 1,7 млн тонна көмүр казып, керектөөчүлөргө жеткиргенин маалымдады. Бул маалыматты ишкананын башкы директору Рустамбек Садыралиев Биринчи радионун эфиринде айтты.
Негизги көлөм «Кара-Кече» кенинен
Жетекчинин айтымында, казылган көмүрдүн негизги бөлүгү «Кара-Кече» көмүр кенине туура келет. Ал жерден жыл башынан бери 1,2 млн тоннага жакын көмүр казылып, керектөөчүлөргө жөнөтүлгөн.
Агулак жана түштүк аймактардагы иштер
Жумгал районундагы Миң-Куш шаарчасына жакын жайгашкан Агулак кенинен ушул мезгил аралыгында 500 миң тонна көмүр казылып, керектөөчүлөргө жеткирилди.
Мындан тышкары, ишкананын түштүк аймактарындагы, атап айтканда Алай өрөөнүндөгү, Сүлүктүдөгү жана Ноокаттагы объектилеринде да казуу иштери жүрүп жатат.
Көмүр казуу көрсөткүчтөрү












