УюмЭскерүүлөр: 7

«Кыргызкөмүр» ААКнын башкы директору Рустамбек Садыралиев Антимонополия кызматы Кара-Кече кенинен Бишкекке келген көмүрдүн тоннасына 7 миң сом баа белгилегенин билдирди. Баа аймактар боюнча аралыкка жараша өзгөрөт.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы 2026-жылдын башынан бери сегиз кенде 1,7 млн тоннага жакын көмүр казып, керектөөчүлөргө жеткирди. Бул тууралуу ишкананын башкы директору Рустамбек Садыралиев Биринчи радионун эфиринде билдирди.

Кыш жакындаган сайын көмүр маселеси миңдеген үй-бүлөнүн күнүмдүк түйшүгүнө айланат. Кыргызстанда кара отундун жеткиликтүүлүгү, баасы жана өз убагында жеткирилиши кыштан жылуу чыгуунун негизги шарты. «Кыргызкөмүр» ишканасы өндүрүштү көбөйтүп, мамлекет бааларды жөнгө салууга аракет кылып жатканы менен, эл арасында көмүр жетиштүү болобу, баасы калктын чөнтөгүнө туура келеби деген суроолор дагы эле талкууда.

Кара-Кече кенинде көмүр жүктөгөн жүк ташуучу унаалардын саны күн сайын көбөйүүдө. «Кыргызкөмүр» ААКтын маалыматы боюнча, бул көрүнүш калктын отопительный мезгил алдындагы суроо-талабынын өсүшүнө байланыштуу.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.