Хакасияда белгилүү окумуштууну эскерүү үчүн эстелик орнотуу демилгеси коомчулук тарабынан колдоого алынууда. Инициативалык топ каражат чогултууну уюштурганын хакас тарыхчысы жана коомдук ишмери Матос Черпаков кабарлаган.
Хакасияда енисей кыргыздарын изилдеген окумуштууга эстелик орнотуу үчүн каражат чогултулууда
Хакасия Республикасында белгилүү этнограф жана түрколог Виктор Бутанаевге эстелик коюу максатында каражат топтоо иши башталды. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бул демилгеге колдоосун билдирип, жардам берүүгө даяр экенин билдирди.
