Шаардык бийлик курулуш иштери учурунда көрктөндүрүү эрежелеринин жана экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө иштерин улантууда. Мониторингтин жыйынтыгы боюнча, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул төлөбөй жаткан курулуш компанияларынын тизмеси түзүлдү.

Төлөнбөгөн айып пулдар боюнча маалымат

29курулуш компаниясы
603протокол
12 424 000сомов (жалпы сумма)

Бишкек мэриясы аталган компанияларга карызды бир жуманын ичинде төлөө керектигин эскертти. Эгерде милдеттенмелер аткарылбаса, мыйзамда каралган чаралар колдонулат. Атап айтканда, айып пулдарды төлөбөгөн компаниялардын объекттериндеги курулуш иштерин токтотуу маселеси каралууда.

Мэрия бузууларды аныктоо жана көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө иштери улантыла турганын билдирди.