Акыркы убакта белгисиз адамдар Чүй электр тармактарынын ишканасынын кызматкерлери катары таанышып, «акылдуу» эсептегичтерди орнотуу жөнүндө билдирүүдө. Бул иштин алдында алар жарандардын жеке маалыматтарын, атап айтканда ИНН номерлерин сурап жатышат.
Чүй ЭТБнын маалыматы боюнча, ишкананын кызматкерлери «акылдуу» эсептегичтерди орнотуу учурунда ИНН же паспорттук маалыматтарды сурабайт.
Эгерде шектенүү жаралса, маалыматты райондук электр тармактарынан (РЭС), сатуу бөлүмдөрүнөн же ишкананын Instagram жана Facebook социалдык тармактарындагы расмий баракчаларынан текшерүү сунушталат.









