Бүгүн, 17-ноябрда, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолугушту. Жолугушуунун негизги максаты узак мөөнөттүү кызматташтыкты бекемдөө жана мамлекеттик институттардын ишин жакшыртуу болду.

Талкуу учурунда тараптар улуттук коопсуздуктун айрым багыттарын чыңдоого, мамлекеттик түзүмдөрдүн туруктуулугун жогорулатууга жана ведомстволор аралык кызматташуу механизмдерин иштеп чыгууга өзгөчө басым жасашты. Мындан тышкары, натыйжалуу өнөктөштүктү орнотуу маселелери каралды.

БУУӨП менен кызматташуу формалдуу эмес, бирок конкреттүү натыйжаларга жетүүгө, улуттук потенциалды чыңдоого жана мамлекеттик институттарды өнүктүрүүгө багытталган
Адилет Орозбеков, Коопсуздук кеңешинин катчысы

Өз кезегинде Александра Соловьева жогоруда айтылган багыттар боюнча, ошондой эле туруктуу өнүгүү күн тартибинин алкагында Кыргыз Республикасы менен кызматташтыкты улантууга жана кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.