АО «Түндүк» уюмунун атынан шылуундар жарандарга чалып, кайра байланыш үчүн жеке маалыматтарды сурап жатышканы тууралуу маалымат берип, бул чалууларга этият болууну суранууда.

Компаниянын маалыматы боюнча, «Түндүктүн» кызматкерлери эч качан телефон аркылуу ПИН-код, пароль, паспорт же банктык карта маалыматтарын сурабайт.

Бул сыяктуу шылуундарды угуп калсаңыздар, дароо телефон сүйлөшүүнү токтотуп, жеке маалыматтарды берүүдөн карманыңыздар.

Официальдук байланыш номурлары жана электрондук дарек

  • 0990 988 123
  • 0707 988 123
  • 0222 988 123
  • contactcenter@tunduk.gov.kg — расмий электрондук почта