Учурда облуста жалпысынан 234 миң турмуш-тиричилик абоненти катталган. Акылдуу эсептегичтер мурунку жылдары дээрлик бардык жерде орнотулган, калганы 95 миңге жакын абонент болгон. Ушул жылдын август айынан тарта аларды приборлор менен жабдуу иштери башталып, 1-ноябрга чейин аяктоо пландалган. Бүгүнкү күндө 6 миңге жакын эсептегич орнотулбай калды.

Үмөтовдун айтымында, көрсөткүчтөрдү аралыктан алуу инспектор менен абоненттердин ортосундагы байланышты жокко чыгарып, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алат. Ал эми тоолуу аймактарда интернет байланышынын үзгүлтүккө учурашынан улам сигнал кечигип келиши мүмкүн, бирок калган жерлерде эсептегичтердин ишинде көйгөй жок.

Дистанттык түрдө көрсөткүчтөрдү алуу инспектордун абоненттер менен байланышын жокко чыгарып, натыйжада коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбайт.
Убайдылда Уметов, ЧүйПЭС электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары

Бардык эсептегичтер жаңы жана орнотууга чейин Мамлекеттик стандарттын текшерүүсүнөн өтүп, пломба коюлат. Ушундан кийин гана ишкана аларды орнотууга укук алат. Орнотуу иштери акысыз жүргүзүлөт.

Негизги көрсөткүчтөр

234 000жалпы абонент
95 000калган абонент
6 000орнотулбай калган