Чүй облусунун Искра айылында эки өспүрүм жаракат алып, ооруканага жеткизилди. Бул окуя боюнча тиешелүү органдар текшерүү жүргүзүүдө.
Turmush маалыматынын негизинде, балдар майда калибрли винтовкадан (22LR тири) атуу учурунда жаракат алышкан деген маалымат бар. Жаракат алган балдар Чүй райондук ооруканасына жеткирилген.
Дарыгерлердин билдирүүсүнө караганда, балдар ооруканага бир саат мурун жеткирилген. Учурда окуянын так себептери жана кырдаалдын чоо-жайы аныкталууда.
Чүй облусунун ИИМ басма сөз кызматы окуянын териштирүүлөрү жүрүп жаткандыгын билдирди.









