Сокулук районундагы Ак-Жол айылында жайгашкан бала бакча жана кошумча жер участкасы жалпы наркы 48,1 миллион сомду түзгөн мүлк катары кайрадан мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы териштирүүнүн жүрүшүндө 1996-жылы мыйзамсыз түрдө мамлекеттик менчиктен жеке менчикке өткөрүлгөн эки кабаттуу бала бакчанын жана анын 5453,45 чарчы метрлик жер участогунун кайра мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Ошондой эле, аталган объект бир нече ирет мыйзамсыз сатылып кеткенин прокуратура аныктап, тиешелүү чараларды көргөн.

Бул ишти иликтөөнүн жыйынтыгы менен бала бакча жана жер участкасы мамлекеттик менчикке кайтарылып, юридикалык укуктук базадагы келишпестиктер жоюлду.