Ала-Бука районунун тургундары Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен жолугушууда маанилүү маселелерди көтөрүштү. Алардын арасында жергиликтүү ишкер Эсенкул Кудайбердиев карабайыр аттарын чет өлкөгө сатууга жол ачууну суранды.

Ишкердин түшүндүрмөсүнчө, карабайыр аттары эт багытындагы эмес, күчтүү жана шамдагай аттар болуп саналат. Алар көк-бөрү сыяктуу ат оюндарына абдан ылайыктуу жана эл аралык деңгээлде кызыгууну жаратат.

Иссык-Көлдө өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда биздин карабайыр аттарыбызга чоң кызыгуу болгон. Чет элдиктер, атап айтканда, Өзбекстан аркылуу Афганистандын сатып алуучулары бул аттарды сатып алышат.
Эсенкул Кудайбердиев

Учурда Кыргызстанда Министрлер Кабинетинин токтому менен мал экспорттоодон алты айга убактылуу тыюу салынган. Бул чектөө уй, ат, кой жана эчкилерди камтыйт.