Бүгүн, 23-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде шашылыш жана ыкчам кызматтардын ишин, ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын жыйыны болуп өттү. Бул жыйын 2026-жылдын 11-ноябрындагы №805-VIII токтомдун негизинде чакырылган.
Комиссиянын төрагасы Улугбек Ормонов жыйынды ачып, негизги максат окуянын себептерин изилдөө, мамлекеттик органдардын ишине баа берүү жана келечекте мындай кырсыктардын алдын алуу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу экенин белгиледи.
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев окуя боюнча толук жоопкерчиликти алууга даяр экенин айтты. Анын тили менен айтканда, алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгында адамдык фактор аныкталган. Жардам көрсөтүү өтүнүчү диспетчердик кызматтын деңгээлинде калып калган, учурда аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө.
- Куткаруучулардын альпинисттик жана медициналык даярдыгын жогорулатуу
- Ведомстволор аралык кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүү
- Издөө-куткаруу иштерин заманбап техникалык каражаттар менен камсыз кылуу
- Туристтик маршруттарда коомдук-куткаруу постторун түзүү
Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу ата-энелердин да, тиешелүү мамлекеттик органдардын да жалпы жоопкерчилиги экенин билдирди.
Талкууда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов 7 миң метрден жогору жайгашкан тоо чокуларына чыгууга уруксат берүү тартиби каралып жатканын билдирди. Ал эми депутат Чолпон Эсенаманова мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыккан сунуштамаларды мыйзамдык жактан камсыз кылуу үчүн депутаттар колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.





















