Парламенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянса, Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Кыргызстанда издөө-куткаруу иштерин уюштуруу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча маалымат берди. Министр кырдаалдарды жоюу боюнча иштер жана куткаруу бөлүмдөрүнүн техникалык жабдуулар менен камсыз болушу тууралуу айтып берди.

Ошондой эле, министр «Ала-Арча» улуттук жаратылыш паркындагы трагедияга байланыштуу Аскердик прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгондугун билдирди.

Депутаттардын сунуштары

Талкуу учурунда депутаттар коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар демилгелерди көтөрүштү. Чолпон Эсенамова мындай окуялардын кайталанбашы үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканын сурады.

Гуля Кожокулова коопсуздук маселелерине системалуу түрдө мамиле кылуу зарыл экенин белгилеп, калктын, өзгөчө балдар менен өспүрүмдөрдүн арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү сунуштады. Мындан тышкары, туристтер көп келген жана кооптуу тоолуу аймактарда туруктуу куткаруучулар бөлүмдөрүн түзүүнү айтты.

Медина Кайрылбекова туристтердин кайда жүрүп жатканын көзөмөлдөө үчүн GPS-трекинг системасын киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал ошондой эле балдардын чоңдордун коштоосусуз тоолуу маршруттар боюнча жүрүүсүн чектөөнү карап чыгууну сунуштады.

Улан Бакасов жарандарды мүмкүн болгон тобокелдиктер жөнүндө өз убагында кабардар кылуу жана туристтик маршруттардын коопсуздугун жогорулатуу керектигин белгиледи.