Жогорку Кенештин 2026-жылдын 11-ноябрындагы № 805-VIII токтомунун негизинде өзгөчө кырдаал жана ыкчам кызматтардын ишин, ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жыйыны өттү.

Түшүндүрмө боюнча, жыйында Амир Кунакуновдун Ала-Арча аймагында каза болушу менен байланыштуу окуянын жагдайлары, издөө-куткаруу иштерин уюштуруу жана мамлекеттик органдар менен өзгөчө кырдаал кызматтарынын өз ара аракеттенүүсү каралды.

Иш-чарага Жогорку Кенештин депутаттары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин министри Канатбек Чыныбаев, Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов, Ички иштер министрлигинин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана башка жооптуу кызматкерлер катышты.

Жыйындын негизги максаты болгон окуянын себептерин жана жагдайларын ар тараптуу изилдөө, тиешелүү органдардын ишин баалоо, ошондой эле келечекте мындай окуялардын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча конструктивдүү сунуштарды иштеп чыгуу.
Улугбек Ормонов, убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы

Комиссиянын төрагасы Улугбек Ормонов талкууга бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын жана кызматтардын өкүлдөрүн чакырганын белгиледи.