Токтогул суу сактагычындагы мыйзамсыз балык кармоо аракеттерине каршы жүргүзүлгөн рейддердин алкагында 600 метр баалуу синтетикалык тор алынды.
Жалал-Абад аймактык Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын башчысы Дурусбек Залимбеков билдиргендей, учурда аймакта мыйзамсыз балык улууларына каршы иш-чаралар уланууда.
Рейд учурунда жаңы орнотулган жана көзөмөлдөн чыгып калган торлор аныкталып, алмаштырылды. Бирок мыйзам бузууга тиешелүү жарандар так аныкталган жок.
Жыл башынан бери жүргүзүлгөн ондогон рейддерде жалпы 45 миң метрдей мыйзамсыз балык тору алынган. Ошондой эле, мыйзамды бузган бир катар адамдарга жалпы 77 миң сом айып пул салынган жана 101 миң сомдук зыян четтетилген.

