Бүгүн, 29-октябрда, Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев баштаган кыргыз делегациясы Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн «Тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн биримдик» аттуу Борбор Азия мамлекеттеринин IV Парламенттер аралык форумуна катышты.
Форумдун алдында Медербек Алиев Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандын парламент жетекчилери менен биргеликте Исмоил Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду.
Форумда сөз сүйлөгөн Медербек Алиев Борбор Азия элдерин кылымдардан бери орток үрп-адаттар, руханий баалуулуктар, ынак коңшулук мамилелер жана тынчтыкта жашоого умтулуу бириктирип келгенин белгиледи.
Анын айтымында, геосаясий өзгөрүүлөр күчөп, глобалдык чакырыктар көбөйгөн шартта мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу, өз ара урматтоо жана ишенимге негизделген аймактык кызматташтыкты бекемдөө өзгөчө маанилүү.
Ошондой эле Төраганын биринчи орун басары мамлекеттер ортосундагы ишенимди чыңдоодо парламенттердин ролу чоң экенин белгилеп, мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу, улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү жана мамлекеттер аралык макулдашууларды ишке ашырууга парламенттик көмөк көрсөтүү маанилүү экенин айтты.




















