Таш-Күмүрдөгү колдонулбай калган «Капитальная» көпүрөсүн туристтик жайга айлантуу үчүн архитектуралык эскиз долбоор түзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлиги кабарлады.

Долбоорду Таш-Күмүр шаардык архитектура башкармалыгынын архитектурачылары иштеп чыгышкан. 1,96 гектар аянтты ээлеген аймакта ресторан, шаар жана айланасындагы жаратылышка көрүнүшү бар панорамалык A-frame үйлөр жана сейил бак аллеясы курулуусу каралган.

«Капитальная» көпүрөсү алгач көмүр өндүрүшүндө колдонулуп, көмүр темир жолго ушул көпүрө аркылуу жеткирилген. СССР ыдырагандан кийин көмүр казуу токтоп, көпүрө иштен чыгып, колдонулбай калган.

Азыркы учурда эскирген көпүрөнү жана аймагын оңдоп, аны туризмди өнүктүрүү максатында пайдалуу жайга айлантуу демилгеси каралууда.

Эскиздин долбоору жергиликтүү мамлекеттик органдарга сунушталып, алар сунуштамаларды карап чыгууга жөнөтүлдү.