Кырдаал 21-ноябрда болгон. 1996-жылы туулган эркек киши Рацек бочоносунан түшүп бара жатып, бутунун жаракатына учураган. Жабыркаган адам жаракат алганына карабастан, Шаркыратма участогуна чейин өз алдынча жете алган. Андан кийин «112» кызматына жардам берүү боюнча билдирүү түшкөн.
Жаракат алган адамга жардам берүү үчүн жаратылыш паркында нөөттө турган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Эдельвейс» куткаруу тобу чыккан. Куткаруучулар эркекти коштоп жүргөн адамдар менен бирге ага коопсуз жерге түшүүгө көмөктөшүшкөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жабыркаган адамдын абалы туруктуу.











