БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАП) Кыргызстандын фермерлери мектептерге таза азык-түлүк жеткире турган долбоорду масштабдаштырууну караштырууда. Бул долбоор мектеп окуучуларынын тамактануу сапатын жогорулатуу менен бирге, жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн кошумча сатуу рыногун түзүүгө мүмкүндүк берет.
ДАПнын өлкөдөгү директорунун орун басары Сокджин Хандын билдирүүсүнө караганда, программа учурда пилоттук форматта иштеп жатат жана аны кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатат. Инициативанын алкагында фермерлерге өндүрүш көлөмүн жогорулатууга, продукцияны сактоо мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө жана мектептерге жеткирүүнү жолго коюуга жардам берүү пландалууда.
Бул процесс окуу жайларга жергиликтүү таза азыктарды сатып алууга шарт түзүп, фермерлер үчүн өз продукциясын сатуунун туруктуу каналын камсыз кылат. Сокджин Хандын айтымында, долбоор окуучулардын тамактануусун жакшыртуу менен гана чектелбестен, өлкөнүн жергиликтүү экономикасын жана азык-түлүк системасын өнүктүрүүгө багытталган.





