Камбар-Ата ГЭС-1 станциясын курууга багытталган даярдык иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков «Биринчи радиодо» маалымдады.

Даярдык этабында курулуш иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон бир катар инфраструктуралык объекттер курулуп, ишке киргизилген.

  • Курулуш шаарчасы курулду
  • ГЭСке баруучу жолдор салынып бүткөн
  • 110 кВ чыңалуусундагы электр берүү линиялары өткөрүлдү
  • Транспорттук тоннель толугу менен бүткөрүлдү
  • Подстанция курулду

Учурда долбоорду ишке ашыруу үчүн каржылоо маселелери каралууда жана чектеш мамлекеттер менен тиешелүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.