Энергетика министрлиги күн электр станцияларына энергия топтоочу түзүлүштөрдү орнотуу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул чара күн нуру жок учурларда электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл.
Энергетика министринин биринчи орун басары Курсантбек Омурбеков 17-ноябрда «Биринчи радио» эфирүндө бул тууралуу маалымат берди.
Күн электр станциясы энергияны күн ачык болгон убакта гана иштетет жана ошол учурда гана биздин системага берет, ал эми күн жок болсо иши токтоп калат. Ушул себептен биз азыр күн электр станцияларын куруудан кийин энергия топтоочу түзүлүштөрдү милдеттүү түрдө орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мындай учурда энергетика кызматкерлери үчүн бир катар жеңилдиктер пайда болот.
Омурбековдун айтымында, учурда Кыргызстанда кубаттуулугу 100 МВт жана 175 МВт болгон эки ири күн электр станциясы ишке киргизилген.
- 2025-декабрь-24
Кемин районунда кубаттуулугу 100 МВт болгон Кыргызстандагы биринчи күн электр станциясы ачылды
- 2026-июнь-14
Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында 175 МВт кубаттуулугу бар экинчи күн электр станциясы ишке киргизилди













