Жаратылышты коргоо министрлигинин аймактык башкармалыгынын инспекторлору Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында текшерүү жүргүзүп жаткан учурда мыйзам бузуучуларды аныкташты. Алар аңчылык кылуу үчүн курал менен жүрүшкөн экен.}}{"type":"stats","data":{"title":"Табылган куралдар","items":[{"value":"2","label":"ТӨЗ-8 винтовкасы"},{"value":"8","label":"патрон"}]}},{
Текшерүү учурунда кармалган кишилер атыш куралдары өзүнө таандык экенин далилдешти, бирок аларды колдонуу боюнча тиешелүү уруксат кагаздары жок болчу. Инспекторлор укук бузуулар жөнүндө кодекке ылайык протокол түзүп, айып пулдарды белгилешти.
Мыйзамсыз алынган эки винтовка жана сегиз патрон андан ары иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн Аксы районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.











