Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө өзгөчө окуя болду. 25-ноябрда кесаре сезуу операциясынын натыйжасында салмагы 6 килограмм жана бою 57 сантиметр болгон кыз төрөлгөн.
Turmush маалыматына таянса, Базар-Коргон районунун Кенеш айылынан келген кош бойлуу аял ооруканага саат 11:50дө жаткырылган. Анын кош бойлуулук мөөнөтү 37 жуманы түзөт.
Төрөт учурунда эненин салмагы 120 килограмм болгон. Учурда эне менен наристе операциядан кийинки бөлүмдө дарыгерлердин көзөмөлүндө жана медициналык жардам алууда.












