Нарын аймактык табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери Ак-Сай бийик тоолуу өрөөнүндө мыйзамсыз аңчылык кылынгандыгын аныкташты. Беш-Бала участогунда өткөрүлгөн рейд учурунда инспекторлор Ат-Башы районунун тургундары Б. уулу Б. жана Э. у. Ы. аттуу эки эркекти кармашты.

Текшерүү учурунда кармалган адамдар аттын үстүнө байланган, кесилген архардын башын жана мүйүздөрүн ташып бара жаткандыгы белгилүү болду. Алардын жанында Кызыл китепке кирген жанызды атып алууга тиешелүү эч кандай лицензия же уруксат берүүчү документтер болгон эмес.

Инспекторлор окуя болгон жерде эле мыйзам бузуу жөнүндө акт толтурушту. Бардык материалдар кылмыштын чоо-жайын аныктоо жана кармалган адамдардын аракеттерине укуктук баа берүү үчүн Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.