Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош аймактык башкармалыгынын адистери Араван районунун аңчылык боюнча адистери жана Ош-Баткен коомунун кызматкерлери менен биргеликте рейд жүргүздү. Бул иш-чара Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылында өткөрүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында курал колдонуп, жапайы канаттууларды мыйзамсыз аңчылык кылган жаран аныкталды. Анын иш-аракети аңчылык эрежелерин жана колдонуудагы талаптарды бузгандыгы тууралуу далилденди.

4мыйзамсыз аңчылык кылган куштар
10 000айып пул (сом)
6 000жаратылышка келтирилген зыян (сом)

Укук бузуулар жөнүндө кодекке ылайык, айып пул салынгандан тышкары, жаратылышка келтирилген зыянды калыбына келтирүү максатында сотко доо арыз берилди.

Андан сырткары, адистер жергиликтүү тургундар арасында жапайы жаныбарларды коргоо, аңчылык жана балык уулоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.