Жалал-Абад облусунун прокуратурасы Аксы районундагы жер участокторун мыйзамсыз берүү фактысын аныктады. Мамлекетке келтирилген зыян 91 миллион 302 миң 240 сом деп бааланууда.
91 302 240 сом мамлекетке келтирилген зыян
Прокуратуранын баамында, бул сумма жерлерди мыйзамсыз берүүдөн улам келип чыккан.
Прокуратуранын текшерүүсүндө 2021–2024-жылдары Кара-Жыгач (азыркы Кара-Камыш) айыл өкмөтүнүн жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары мыйзамды бузуп, 1,41 гектар жайыт жана 0,68 гектар сугат жерин жеке менчикке өткөрүп жиберишкени аныкталган.
Мыйзамсыз берилген жерлер
Мындан тышкары, 2,45 гектар жайыт жана 3,2 гектар айыл чарба жери мыйзамсыз түрдө муниципалдык менчикке катталып, кийинчерээк коммерциялык объектилерди куруу жана иштетүү үчүн ижарага берилген.
Кылмыш иши козголду
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат, кызмат адамдарынын кармалышы тууралуу маалымат айтыла элек.












