Ош шаарынын мэриясы өзүнүн ыйгарым укуктары жок болсо да, 33 күбөлүк берип, кум жана гравий аралаш материалы менен шор таш, кум өндүрүүгө укук берген. Бул факт прокуратура тарабынан аныкталды.

Ошондой эле Жапалак айыл аймагынын айрым кызматкерлери жасалма чечимдердин негизинде жайыт жерлерин жеке адамдарга мыйзамсыз бөлүп беришип, мамлекетке жалпысынан 78 миллиондон ашык сомдук зыян келтиришкен.

Ош — Ноокат унаа жолунун боюндагы ишмердүүлүктү жүргүзгөн ишканалар лицензияда көрсөтүлгөн делген жерлерден сырткары кум жана гравийди казып алышкан, бул таштанды жана топуракка зыян алып келген.

Прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча үч кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Ош шаарынын мэри менен Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине мыйзамсыз берилген жер участокторун алып салуу, мыйзамсыз чыгарылган күбөлүктөрдү жокко чыгаруу жана жерлерди калыбына келтирүү боюнча прокурордук реакциялар жөнөтүлүп, азырынча ошол иштер кароодо.