Ош шаарындагы прокуратура кен пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын текшерүү үчүн ири операция өткөрдү. Текшерүү учурунда мыйзамсыз уруксат көрсөтмөлөр берилип, мамлекетке 78,6 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Прокуратура маалыматына караганда, Ош мэриясы керектүү ыйгарым укуктары жок болгонуна карабай, 33 глинистый кум жана кум-чыкалма казып алуу үчүн уруксат кагаздарын мыйзамсыз берген.

Мындан тышкары, Жапалак айылдык жер пайдалануу башкармалыгынын кызмат адамдары жасалма токтомдор менен жеке адамдарга жайыттарды мыйзамсыз тартып беришкен.

Ош—Ноокат автоунаа жолунун жанына жайгашкан айрым ишканалар өз лицензиясынын чегинен чыгып, кум-чыкалма казып алуу менен жердин кыртышын бузушкан.

Ош шаарынын мэри жана Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине мыйзамсыз берилген уруксаттар, жергиликтүү актылар жокко чыгарылып, лицензиялар алынып, зыяндалган жерлер калыбына келтирилиши керектиги жөнүндө прокурордук чаралар жөнөтүлгөн.

Бул иштер боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген берененин негизинде үч кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда.