Азамат Эсенбеков 1984-жылы 4-июнда туулган. Ал 2005-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «каржы жана кредит» адистиги боюнча, 2014-жылы Орусиянын ТИМге караштуу Дипломатиялык академиясын (Москва) «дүйнөлүк экономика» багыты боюнча аяктаган. Экономика илимдеринин кандидаты.

Бул президенттик шайлоого расмий арыз берген экинчи талапкер. 14-октябрда биринчи болуп БШКга Аймен Касенов кайрылган — ал 2021-жылдагы президенттик шайлоого катышып, шайлоочулардын 1 пайызынан азын гана алган.

Эске салсак, Эсенбеков мурунку президенттик шайлоодо да талапкерлигин көрсөтүү үчүн арыз берген, бирок кийинчерээк талапкерлигин алып салган.

Ранее по темеСыймык Жапыкеев Кыргызстандын президенттик кызмат ордуна өз алдынча атынан арыз берди

Шайлоо графиги

Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин уланат. Ал эми шайлоонун өзү 2027-жылдын 27-январында өтөт.