Документти Экономика жана коммерция министрлиги даярдаган. Негиздеме маалымкатында өзгөртүүлөр бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана салык төлөөдөн качуу схемаларына каршы күрөшүүгө багытталганы айтылат.

СторисКыргызстанда алкоголдук продукцияга акцизди көтөрүү пландарыСлайддар: 9
  1. Кыргызстанда алкоголдук продукцияга акцизди көтөрүү пландары
  2. Кыргызстанда алкоголдук продукцияга акциздик ставкаларды олуттуу жогорулатуу сунушталууда. Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.
  3. Өзгөртүүлөр бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана салык төлөөдөн качуу схемаларына каршы күрөшүүгө багытталган.
  4. 25 сом — Кадимки вино акцизи (литрине)
  5. 50 сом — Газдалган вино акцизи (литрине)
  6. 100 сом — Аз алкоголдуу суусундук акцизи (литрине)
  7. Ликер-арак өндүрүмдөрү үчүн ставка этап-этабы менен жогорулайт. 2026-жылдан 2029-жылга чейин өзгөрүүлөр каралган.
  8. 2026-жыл — Ликер-арак акцизи литрине 200 сомго көтөрүлөт.; 2027-жыл — Акциздик ставка литрине 250 сомго жогорулайт.; 2028-жыл — Ставка литрине 300 сомго чейин көтөрүлөт.; 2029-жылдан баштап — Акыркы ставка литрине 350 сомго жетет.
  9. Кыргызстанда алкоголдук продукцияга акциздик ставкаларды олуттуу жогорулатуу сунушталууда. Атап айтканда, кадимки виного салык 4 эсеге, шампанскоего эки эсеге көбөйүшү мүмкүн, ал эми ликер-арак өндүрүмдөрүнө 2029-жылга чейин этап-этабы менен жогорулатуу каралган. Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору 4-ноябрда коомдук талкууга коюлду.

Жаңы акциздик ставкалар

Учурда кадимки виного акциз литрине 25 сом, газдалган виного, анын ичинде шампанскоего, 50 сом, аз алкоголдуу суусундуктарга 100 сомду түзөт.

Иштеп чыгуучулар бул категориялар үчүн бирдиктүү ставканы — литрине 100 сомду белгилөөнү сунушташууда.

Ликер-арак өндүрүмдөрү үчүн төмөнкү график каралган:

  • 2026-жыл — литрине 200 сом;
  • 2027-жыл — 250 сом;
  • 2028-жыл — 300 сом;
  • 2029-жылдан баштап — 350 сом.

Демек, ликер-арак өндүрүмдөрүнө ставка 2029-жылга чейин 2026-жылдагы деңгээлге салыштырмалуу 75 пайызга жогорулайт.

Бирок акциздин көтөрүлүшү чекене баанын ошол эле өлчөмдө автоматтык түрдө өсүшүн билдирбейт. Алкоголдун акыркы баасы өндүрүүчүлөрдүн жана сатуучулардын башка чыгымдарына да көз каранды.

Бюджет кошумча 170 миллион сом алат деп күтүлүүдө

Экономика министрлиги өзгөртүүлөрдүн зарылдыгын колдонуудагы ставкалардын ортосундагы айырма менен түшүндүрөт.

Ведомствонун маалыматы боюнча, кээ бир импорттоочулар алкоголду классификациялоодогу айырмачылыктарды пайдаланып келишет. Бул салык төлөөдөн качууга өбөлгө түзөт.

Эсептөөлөргө ылайык, жаңы ставкалар бюджетке кошумча 170 миллион сом алып келет деп күтүлүүдө.