Нарын облусунун Ак-Талин районунун Баетов айыл аймагына караштуу Кайыңды-Булак айылындагы бала бакчанын эмеректери толук жаңыртылды.

Муса Баетов атындагы бала бакчанын директору Мунара Султаналиева билдиргендей, мурунку эмеректер өтө эскирип, колдонууга жараксыз болуп, санитардык талаптарга жооп бербейт.

Мунун натыйжасында бир катар керектүү эмеректерди жана хозяйствалык буюмдарды алууга жергиликтүү райондук өнүгүү фондунда долбоор даярдалган жана жактырылган.

Жыйынтыгында 600 миң сомдук каражатка жаңы мебельдер, паластар жана керектүү буюмдар сатып алынып, 2024-жылдын 13-июлунда бала бакчага өткөрүлүп берилди.