Ак-Талин районунун Баетов айылындагы Ишеналы Арабаев атындагы бала бакча толук жаңыртылды. Бул иштер райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 500 миң сомдун эсебинен жүзөгө ашырылды.

Жаңы бөлүнгөн каражаттын 200 миңи акттар залын оңдоого сарпталса, калганы 300 миң сом бала бакчага керектүү жаңы эмеректерди сатып алууга багытталды.

Райондук бийликтин маалыматына караганда, бул жаңыртуулар балдардын окуу жана эс алуусуна ыңгайлуу шарт түзүү максатында ишке ашырылды.

Ранее по темеНарын облусунда бетон заводу куруу үчүн тендер жарыяланды