Жети-Өгүз районунун билим берүү тармагынан түзүлгөн делегация Японияга жумушчу сапар менен барып, билим берүүдө жаңы ыкмалар менен тажрыйба алмашуу максатында мамлекеттик жана жеке бала бакчаларды, мектептерди изилдеди.
Делегацияга райондук мамлекеттик администрациясынын, билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери, ошондой эле мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлери жана мугалимдер кирген.
Сапар учурунда катышуучулар япон билим берүү мекемелеринин окуу процессин уюштуруусу, окуучулардын коопсуздугу, мектепте тамактануу жана билим берүү уюмдарын башкаруу жаатындагы алдыңкы тажрыйбалары менен таанышты.
Андан тышкары, Токиодо жайгашкан Кодайра шаарынын өкүлдөрү менен жолугушууларда билим берүү тармагында кызматташтыктын кеңейиши, мугалимдер арасында тажрыйба алмашууну өнүктүрүү жана биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.
Сапардын негизги максаты – Япониянын билим берүү мекемелеринин тажрыйбасын изилдеп, аны Жети-Өгүз районунун билим берүү уюмдарында колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу болду.













