Нарын облусунун Ак-Талин районуна караштуу Кара-Бургон айыл аймагындагы Ак-Чий айылында Саз-Булак участогунда мал ичүү үчүн суу чогултуучу курулуш толугу менен оңдоп, пайдаланууга берилет.

Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайберген Русланов билдирди.

Анын айтымында, жайлоолордун абалын жакшыртуу жана малдын суу менен үзгүлтүксүз камсыз болушун камсыз кылуу үчүн аталган участогундагы суу чогултуучу курулуш капиталдык оңдоп-түзөөлөрдөн өткөрүлүп, ишке киргизилди.

Учурда Бир-Салым участогундагы мал кармоочу жай да толугу менен оңдолууда. Жаңы иштердин алкагында күзөтчү үчүн жылуу үй, аттарды байлоо үчүн чатыр курулуп, тосмолор, дарбазалар жана күн энергиясы менен иштеген фонарь орнотулган.

Мындан тышкары, атайын күзөтчүлөр үчүн видеокамераларды орнотуу пландалууда. Бул иштерди жергиликтүү бюджет жана уюмдун каражаттарынын эсебинен каржылоодо жүргүзүлүүдө.

Келерки жылы жайлоолорду жакшыртуу боюнча дагы бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалып жатат.