Россия Федерациясы Кыргызстандын аз камсыз болгон жана башка аярлуу катмарларына колдоо көрсөтүү үчүн 796 тонна азык-түлүк жардам берди. Бул жүк Бишкек жана Ош шаарларындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАП) складдарына жеткирилди.

Жардамдын курамы

675тонна байытылган буудай уну
121тонна өсүмдүк майы

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматы боюнча, бул азыктар аз камсыз болгон жарандарга, анын ичинде майыптыгы бар адамдарга багытталган. Азык-түлүктөр жергиликтүү жамааттардын туруктуулугун чыңдоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу долбоорлорунун алкагында бөлүштүрүлөт.

Бул багыттагы кызматташтыктын алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте болжол менен 11 250 аярлуу жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катыша отуруп, байытылган ун жана өсүмдүк майын алышат.

Долбоорлордун алкагында сугат системаларын жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүү, дарактарды отургузуу, дарыялардын жээктерин чыңдоо жана табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу иштери жүргүзүлөт. Ошондой менен катар калктын кирешесин жана айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн окутуу программалары өткөрүлүүдө.

Программалардын жыйынтыгы менен таанышуу үчүн Россия элчилигинин кеңешчиси Иван Прокопенко, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана БУУ ДАПтын өлкө боюнча директорунун орун басары Сокджин Хан Нарын облусундагы мектептердин бирин жана долбоорлорду кыдырып чыгышты.