Базар-Коргон районунда Суу ресурстары кызматы тарабынан капиталдык салымдардын эсебинен жети жаңы скважинаны пайдаланууга берүү пландалып жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Учурда Сейдикум айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ай участкасында жаңы скважинанын байкап көрүү режиминдеги иштеши жүргүзүлүп, суу берүү процесси башталыптыр.
Аткарылып жаткан иштер аймактагы сугат суусунун тартыштыгын чечүүгө, фермерлерди суу менен камсыздоону жакшыртууга жана айыл чарбасын андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.










