Кыргызстан менен Франциянын тышкы саясий ведомстволорунун профилдик департаменттеринин жетекчилери деңгээлинде БУУнун Коопсуздук кеңешинин күн тартиби боюнча консультациялар Бишкекте болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин пресс-кызматы билдирди.
Талкуу учурунда тараптар ишмердүүлүктүн негизги аспектилерин карап чыгышты жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмаштышты. Өзгөчө, Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдар аралыгында БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болууга даярдыгына басым жасалды.
Консультациялардын жыйынтыгында тараптар уюмдун алкагында мындан аркы конструктивдүү жана мазмундуу кызматташууга даяр экендиктерин тастыкташты.
- 3-июнь
Нью-Йорктогу БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында Кыргызстандын талапкерлиги үчүн добуш берилди
- 2027-2028-жылдар
Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары кызмат кылат












