Нарын облусунун Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү инвестициялык активдүүлүктүн жогорулашы менен коштолууда. Отчеттук мезгилде аймакта жаңы ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлгөн.

Өнөр жай тармагындагы көрсөткүчтөр

95жаңы ишкана
464жумуш орду

Капиталдык салымдардын көлөмү 27 млрд сомго жакын болуп, бул өткөн жылга салыштырмалуу жети эседен ашык өсүшүн көрсөттү. Ошондой эле курулуш тармагында да оң багыт байкалууда: учурда 128 объектте иш жүрүп жатат жана аларга 14 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Инфраструктура жана социалдык объекттер

Жол чарбасында жылдык пландын алдын ала аткарылып калды. Аймакта 154 кмден ашык жол асфальтталды жана болжол менен 275 км автожол жарыктандырылды. Мындан тышкары, мектептер, бала бакчалар, административдик жана спорттук объекттердин курулушу жана оңдолушу улантылууда.

Президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосу менен 51 мини-футбол талаасы пайдаланууга берилди. Ошондой эле Нарын шаарында жана Кочкор районунда тийиштүү ипотекалык үйлөр ачылды.

Ипотекалык үйлөрдөгү пке саны

216Нарын шаарындагы пке
217Кочкор районундагы пке