2-ноябрда Манас шаарында Жалал-Абад облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Амантур Исмаилов менен жолугушту.
Спортчу Казакстанда өткөн дүйнөлүк биринчиликте ийгиликтүү чыгып, коло медаль тагынгандыгы үчүн куттукталды.
Амантур Исмаилов 72 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, чечүүчү беттеште Орусиядан келген атаандашын 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, коло байгеге ээ болгон.
Жолугушууда балбандын машыктыруучуларына жана ата-энесине ыраазычылык билдирилди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Амантурга спорттук эмгегин баалоо белгиси катары жергиликтүү бийлик тарабынан 150 миң сомдук акчалай сертификат тапшырылды. Анын машыктыруучусу Чыңгыз Пиримкуловго да 45 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык берилди.

























