Кыргызстанда акча алмаштыруу жайларынын жаңы эрежелери күчүнө кирди. 2026-жылдын 16-октябрынан тарта каржы-кредит уюмдары накталай чет өлкө валютасы менен ар кандай операция жасоодо кардардын өздүгүн тактоого, ошондой эле аны санкциялык тизмелер боюнча текшерүүгө милдеттүү.

СторисВалюта алмаштыруу: Паспорттук маалыматтардын коопсуздугу кандай?Слайддар: 9
  1. Валюта алмаштыруу: Паспорттук маалыматтардын коопсуздугу кандай?
  2. Валюта алмаштыруу: Паспорттук маалыматтардын коопсуздугу кандай?
  3. 2026-жылдын 16-октярынан тарта акча алмаштыруу жайларында кардардын өздүгүн тактоо милдеттүү. Бул жаңы эрежелер жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугу тууралуу суроолорго алып келди.
  4. Өздүк текшерүү үчүн паспорт, айдоочулук күбөлүк сыяктуу документтер талап кылынат. Операция учурунда маалыматтар атайын журналга жазылып, 5 жылга чейин сакталат.
  5. Көбүнчө 1 миллион сомдон ашкан операцияларда же шектүү көрүнгөн учурларда тереңдетилген текшерүү жүргүзүлөт. Бенефициар ээсин аныктоо талап кылынышы мүмкүн.
  6. Жарандардын негизги коркунучу — паспорттук маалыматтардын агып кетиши. Бул маалыматтар кредиттерди же мыйзамсыз аракеттерди жасоого жол ачат.
  7. Улуттук банктын эскертүүсү: Жеке маалыматтардын сакталышы жана купуялуулугу үчүн жоопкерчилик акча алмаштыруу жайларына жүктөлөт.
  8. Канча маалымат сакталат?: Маалыматтар 5 жылга чейин сакталат; Журналдар сейфтерде же корголгон системаларда сакталат; Өздүктү ырастоо үчүн паспорт, айдоочулук күбөлүгү талап кылынат
  9. 16-октябрдан тарта Кыргызстанда акча алмаштыруу жайлары кардарлардын өздүгүн тактоого милдеттүү. Улуттук банктын жаңы эрежелери боюнча, кандай сумма болбосун, валюта алмаштырууда жеке маалыматтар беш жылга чейин сакталат. Жарандар паспорттук маалыматтардын агып кетүү коркунучунан чочулап жатышат.

Улуттук банктын түшүндүрмөсүнө ылайык, өздүктү ырастоо үчүн кагаз түрүндөгү да, санарип документтер да (мамлекеттик системалар аркылуу) жарактуу. Буга паспорт, айдоочулук күбөлүк, аскер билети же жашоого уруксат кагазы кирет. Операция учурунда кызматкерлер атайын журналга кардардын аты-жөнүн жана конвертация маалыматтарын жазышат.

Качан кошумча текшерүү жүргүзүлөт?

Эгерде операция шектүү көрүнсө, ПИН, дарек жана документтердин реквизиттери талап кылынышы мүмкүн. 1 миллион сомдон ашкан алмаштырууда же тиешелүү операциялардын сериясында тереңдетилген текшерүү жүргүзүлөт, анын ичинде бенефициар ээсин аныктоо кирет.

Маалыматтар беш жыл сакталат

Кардарлар жөнүндөгү маалыматтар түздөн-түз акча алмаштыруу жайларында беш жыл бою сакталат. Журналдар сейфтерде же корголгон электрондук системаларда сакталышы керек.

Жеке маалыматтардын сакталышы жана купуялуулугу үчүн жоопкерчиликти акча алмаштыруу жайы жана анын кызматкерлери тартат.
Улуттук банктын билдирүүсү

Жарандар эмнеден кооптонушат?

Бирок жарандарда көптөгөн суроолор бар: акча алмаштыруу жайлары паспорттук маалыматтарды канчалык жоопкерчиликтүү сакташат, аларды кредит алуу же башка шектүү операциялар үчүн колдонсо болобу, ошондой эле маалымат агып кеткен учурда кимге кайрылуу керек.

Болгону 100 доллар же миң теңге алмаштырууда эле паспорттук маалыматтарды берүү зарылчылыгы көптөрдү тынчсыздандырууда. Коопсуздук кепилдигинин жоктугу жеке маалыматтардын коргоо маселесин курчутат.