Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында электр линияларынын авариялык өчүрүүлөрү жөнүндө маселени көтөрдү.

Ал өткөн жарымтора жыл ичинде өлкөдө жогорку чыңалуудагы 26 авариялык өчүрүү катталганын айтып, мунун себеби эксплуатация эрежелерин сактабастан жана техникалык жабдуулардын начар абалынан экенин белгиледи.

Ошондой эле, аварияларга подрядчы уюмдардын жоопкерсиздиги, ЛЭПтердин үзүлүшү жана зыяналашуусу себеп болууда.

Министрлер кабинети башчысы мындай алсыз иштер электросистеманын туруктуулугуна, калктын электр менен камсыз болушуна терс таасирин тийгизерин белгиледи.