Кыргызстандын Энергетика министри Алтынбек Рысбеков журналисттерге берген маегинде, күз-кыш мезгилине даярдыктар пландаштырылган өчүрүүлөр болбошу керектигин аныктады.
Минстрдин айтымында, авариялык өчүрүүлөр болушу мүмкүн, бирок бул техникалык жабдуулардагы катаал жүктөмдөрдөн жана кошумча механикалык себептерден улам келип чыгат. Ал мындай кырдаалдарга эч ким кепилдик бере албай турганын белгиледи.
Кышында энергетикалык бригадалар атайын техникалар жана керектүү тетиктер менен жабдылып, ыкчам кызмат көрсөтүү режиминде иштейт. Алар аварияларды тез арада жоюуга адистешкен.
Мындан тышкары, Кыргызстан жылытуу сезонунда 4 миллиард киловатт-сааттан ашык электр энергиясын чет өлкөлөрдөн сатып алууну пландап жатат. Бул энергияны Россия, Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстан менен түзүлгөн келишимдер аркылуу алууга ниеттенүүдө.
Кыргызстанда электр энергиясынын көлөмү









