Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Альтынбек Рысбеков 21-июлда өткөн маалымат жыйында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 17-20-июль аралыгында болгон жарык өчүрүүлөрдүн себеби катары линиялардын өткөрүмдүүлүгүнүн жетишсиздигин атады.
Министрдин айтымында, өлкө боюнча энергия керектелиши 2350 мегаваттка жетип, орточо 100 мегаватттык жүктөлүш регуляциясы жүргүзүлгөн.
Энергетика тармагында генерациялык кубаттуулук жетиштүү болгону менен, учурдагы электр линиялары ошол кубаттуулукту керектөөчүлөргө толук жеткире албай турганы белгиленди.
Министрликтин маалыматы боюнча, 19-июлда аномалдуу ысык таптап, суткалык энергия керектелиши рекорддук 50,122 миллион кВт·саатына жеткен, бул өтөр жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 18% көп.
Ысык аба 45 градуска чейин жеткенде, аба линияларынын өткөрүмдүүлүгү болжол менен 25%га төмөндөйт. Бул линиялар, трансформаторлор жана подстанциялардын жүктөмүн көбөйтүп, авариялык кырдаалдарга алып келет.

