Жаза аткаруу кызматынын №27 мекемесинде жаңы өндүрүштүк объекттер пайдаланууга берилди. Алардын катарында ширетүү цехи, эмерек өндүрүшү жана стационардык бетон түйүнү бар. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Жаңы объекттер мамлекеттик «Келечек» ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде жана жеке ишкерлердин колдоосу менен уюштурулган. Демилге мекеменин өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана соттолгондорду эмгек менен камсыз кылууга багытталган.

Өндүрүштү өнүктүрүү соттолгондорду эмгекке тартууга, алардын кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө жана келечекте өз алдынча жашоого даярданышына өбөлгө түзөт
Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Чыңгыз Кожошев

Салтанаттуу ачылыш аземине Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Чыңгыз Кожошев катышып, эмгек жамаатын жаңы өндүрүш аянтчаларынын ишке кириши менен куттуктады.

Учурда №27 мекемеде иштеп жаткан өндүрүш багыттары

1наабайкана
3ширетүү цехи
3тигүү цехи
1эмерек цехи
1бетон заводу

Мекемеде учурда бир нече өндүрүш багыттары иштеп жатат: наабайкана, үч ширетүү цехи, үч тигүү цехи, эмерек цехи жана бетон заводу. Өндүрүштүк иштерге тартылган соттолгондордун жалпы саны 500гө жакындады.