Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова Дубай соода палатасынын Жакынкы Чыгыш жана КМШ боюнча директору Абдулла Бакер менен жолугушту.
Жолугушууда соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү, агрардык секторго инвестиция тартуу жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Өзгөчө көңүл биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана айыл чарба тармагында өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө бурулду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар айыл чарба жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты.
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу перспективаларын талкуулашты.
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жолугушуусу
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Мамасадык Бакиров да Абдулла Бакер менен өзүнчө жолугушуу өткөрдү. Палатанын маалыматы боюнча, айыл чарба жана туризм тармагындагы кызматташуу, анын ичинде «Тамчы» долбоору, кыргыз продукциясын БАЭ рыногуна халал сертификациялоо маселелери талкууланды.
Эмираттык компаниялар ири инфраструктуралык долбоорлорго: аэропортторго, логистикалык хабтарга жана кургак портторго кызыкдар экенин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн ишкерлерине өнөктөш жана инвестор табууга жардам берүү үчүн бир катар тармактык вебинарларды өткөрүү макулдашылды.



























